Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технопаркында ноутбук чыгаруу цехинин расмий ачылышы жана жаңы цехте чогултулган TECNO брендинин алгачкы ноутбуктарынын презентациясы өттү. Бир күндө 1500гө чейин ноутбук чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы цех өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошору айтылды.