Technopark

МУГАЛИМДЕРГЕ НОУТБУКТАР 20-ЯНВАРДАН ТАРТЫП БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн, 14-январда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.

Технопарктын директору Касымбек Келебаев министрдин орун басарын иштин жүрүшү менен жеринен тааныштырып жатып, эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшканын билдирди. «Чогултулган ноутбуктар сыноо тестинде 5 сааттан кем эмес убакыт турду, биз бул ноутбуктарды министрликке өткөрүп берүү үчүн бардык тиешелүү документтерди даярдап койдук», – деди ал.

Өз кезегинде министрдин орун басары Технопаркта чогултулуп жаткан 3 400 даана ноутбук ушул жылдын 20-январынан тартып STEM мугалимдерине бериле баштай турганын билдирди.

«Алтын Казык» программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Азыркы учурда бул ноутбуктарга «Санарип кампа», «Электрондук күндөлүк» тиркемелери киргизилип жатат. Мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшырууга баратышат. Ал үчүн ар бир мугалимдин жеке ноутбугу болушу керек», – деп кошумчалады Л. Самыкбаева.

***

НОУТБУКИ УЧИТЕЛЯМ НАЧНУТ ВЫДАВАТЬ С 20 ЯНВАРЯ

Заместитель министра образования и науки Лира Самыкбаева 14 января посетила Технопарк при Кыргызском государственном техническом университете имени И. Раззакова, где проверила процесс сборки ноутбуков для учителей.

Директор Технопарка Касымбек Келебаев проинформировал заместителя министра о ходе работы, отметив, что за два дня было собрано и подготовлено к испытаниям около 300 ноутбуков.

«Собранные ноутбуки тестировались не менее пяти часов. Мы также подготовили все необходимые документы для передачи этих ноутбуков в министерство», — сообщил он.

В свою очередь, Лира Самыкбаева добавила, что 3400 ноутбуков, которые собираются в технопарке, начнут выдавать учителям STEM-направлений с 20 января текущего года в рамках программы «Алтын Казык». Каждый преподаватель получит бесплатный ноутбук.

На данный момент на устройства устанавливаются приложения «Санарип кампа» и «Электронный дневник». «Учителя будут сдавать все отчеты в электронном виде. Поэтому каждому учителю необходим собственный ноутбук», — уточнила заместитель министра.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *