Technopark

Казакстандын Астана шаарында, 3-4-декабрь күндөрү Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун координаторлорунун аймактык жыйыны жана 5-6-декабрда Интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу боюнча Технопарктардын потенциалын бекемдөөгө арналган жыйын болуп өттү.

Белгилей кетсек, семинар Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму, Евразиялык патенттик уюму жана Казпатент тарабынан уюштурулган.

Бул иш-чараларга Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Төлөгөн Муктаров катышып келди.

Ошондой эле Кыргызпатенттин өкүлу менен бирге, Кыргызстандагы технопарктардын жетекчилери – И. Раззаков атындагы КМТУнун технопаркынын директору Касымбек Келебаев жана Ош технологиялык университенинин Инновациялык илимий-техникалык борборунун директоу – Мухаммедсадык Исламов, ошондой эле, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун координатору Азиза Карбекова да барып келишти.

Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Төлөгөн Муктаров Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун тармактарын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык маселелерди жана анын инновациялык эко-системадагы ролун талкуулоого активдүү катышты.

Ошондой эле Кыргызстандан барган өкүлдөр технопарктарды башкаруу, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана инноваациялык стартаптарды колдоо тажрыйба алмашуу багытында презентацияларды жана докладдарды жасашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *